Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында милиция кызматкерлеринин апалары «Мээримдүү айым» медалы жана жубайлары «Офицердин жубайы» наамы менен сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов сыйлыктарды өз ээлерине тапшырып, аларга каалоо тилектерин айтып, ар дайымы уулдарын, жолдошторун колдоп, жанында ден соолукта жүрүүсүн каалады.