Бүгүн, 21-октябрь күнү Жалал-Абад облусундагы укук коргоо органдары үчүн жаңы курулган имараттардын ачылуу аземи болуп өттү.
Жалал-Абад ШИИБдин эски имараты капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, Жалал-Абад облусундагы милиция кызматкерлеринин балдары үчүн алгачкы 120 орундуу №30 «Жеткинчек» балдар бакчасы ачылды.
Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков өз сөзүндө, иш-чаранын конокторун жана кызматкерлерин имараттын ачылуу аземи менен куттуктап, дээрлик, бардык аймактарда, ушуга окшогон бала-бакчалар биринин аркасынан бири ачылып, келечек муунга туура тарбия берүү ишмердиги толугу менен колго алынгандыгын баса белгиледи.
«Жеткинчек» деп бала-бакчанын аты айтып тургандай, бул жерде мектепке чейинки курактагы жаш балдарга мыкты таалим-тарбия берип, аларды мекенди сүйүүгө, жаратылышты урматтоого, келечекте чыгаан инсандарды калыптандырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул бала-бакчада, ден-соолугу бекем, акыл-эстүү, жана адептүү балдар тарбияланып, баардык зыяндуу чакырыктардан да корголот деп ишенем. Ички иштер министрлиги баардык региондордо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн, бала-бакчаларды ачып, ишке киргизип жатабыз. Мындай бала-бакчаларды ачып, ишке киргизүү боюнча иш-чараларды дагы да, болсо токтотпой улантабыз», — деди Улан Ниязбеков.