7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда санитардык талапка жооп берген тамактануучу жайлар иштей баштады

669

Жалал-Абадда санитардык талаптарды аткарган бир катар тез татым жайларынын иштөөсүнө уруксат берилди. Бул боюнча Жалал-Абад мэриясынан кабарлашты.

Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору шаарда жайгашкан бир катар тез татым жайларын текшерүүдөн өткөргөндөн кийин, мурда коюлган санитардык талаптар аткарылган бир катар тез татымдардын иштөөсүнө уруксат берди. Алар: «Бек бургер», «I Like burger», «Донер кебаб», «Гурман-Бургер», «Тагай-Бий» жана «Байчечекей тез-татым», «Макдоналдс фаст-фуд»,» Ням-ням» тез татым, «Шам-Шум», Шаурма автобекет, Ак-Бата тез татым. Калган 22 тез татым тамактануучу жайларынын санитардык нормалары начар болгондугуна байланыштуу уруксат бериле элек. Алдыда тийиштүү кызматтар тарабынан тынымсыз рейддер улантылат. Анда санитардык талаптарга баш ийбеген тез татым жайларга катуу чаралар көрүлөт.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында «Ага-ини», «Таж-Махал» тамактануучу жайларында тамактан уулангандардын саны 88ге жеткен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670