7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК:Абитуриенттерди гранттык орундарга кабыл алууда мыйзамсыз аракеттер аныкталды

568

Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле алдыңкы мамлекеттик ЖОЖдордун биринин  кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү 50 абитуриентти бюджеттик орунга киргизүүдө мыйзам бузушкандыгы аныкталды.Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында, Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда, ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары жогорку окуу жайлар боюнча өкмөттөр аралык келишимди бузуу менен чет мамлекеттердин жарандары үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган.

Бул буйрукту аткаруунун алкагында жогорку окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу адамдары иштелип чыккан жобону аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан абитуриенттерди кабыл алышкан, бул өкмөттөр аралык келишимдин ченемдерине карама-каршы келет. Ошол эле учурда, тергөө тарабынан кабыл алуу процедурасы сырттан келген абитуриенттердин мүмкүнчүлүгүн чектегендигин аныкталды, муну гранттык орундарга ачык сынактын жарыяланбаганы жана өткөн студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдө алган салыштырмалуу төмөн баллдары далилдеди»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, бул гранттык орундарга кабыл алуу Билим берүү министрлигинин бирдиктүү электрондук порталы аркылуу эмес, аталган жогорку окуу жайдын тандоо системасы аркылуу жүргүзүлүп, абитуриенттерди каттоо бир күн ичинде болгон. УКМК бул өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарына карама-каршы келерин билдирет.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

569