7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда топ балдар эки жигитти сабап кетишкен

629

Жалал-Абад шаарында топ балдар эки жигитти сабап кетти. Бул тууралуу окуянын видеосу BespredelKG телеграм каналында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуя 8-августта болжол менен саат 22:56да Спутник кичи районунун Манас көчөсүндө болгон.  Чыр эмнеден улам болгону белгисиз. Урушту көргөн күбөлөр милицияны чакырган. Милиция кеч келип, кайра кетип калган. Жарандар милициянын чара көрбөгөнүнө нааразы экени айтылган.

Ички иштер министрлиги Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда эки жигиттин сабалышы боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, окуя милицияда каттоого алынып, мушташкан жарандардын өздүгү аныкталган. «Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканага жана милицияга эч кимиси кайрылган эмес. Ошондой эле бири-бирине арыз жазгандан баш тартышкан», — деп айтылат маалыматта.

Учурда  ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

630