7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда тургундун үйүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат табылды

642

Жалал-Абадда ири өлчөмдөгү баңгизатты сактап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-сентябрында козголгон кылмыш иштин алкагында, Жалал-Абад облусунда жайгашкан үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында өзгөчө ири көлөмдө баңгизаттары табылган.

Бул кылмыш ишинин алкагында, экспертизанын жыйынтыгында жалпы салмагы 833 граммды түзгөн “кургатылган марихуана” алынган.

Баңгизаттар табылган үйдүн ээси М.А.Д. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643