7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддагы таксидеги атышуу. Дагы эки шектүү кармалды

659

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө аракет жасагандар кармалганын облустук милициядан билдиришти.

Окуя 2023-жылдын 29нан 30-августуна караган түнү болжол менен саат 23:00дөн 00:30га чейинки аралыкта болгон.

«30 жаштагы жаран өзүнүн шериги менен чогуу Жалал-Абад шаарынан Daewoo Nexia 2 үлгүсүндөгү такси жалдап, Сузак районунун Мундуз айылында бара жатышкан. Жолдо Hyundai Getz автоунаасынын келатканын көрүшүп, артынан таксини айдатып, С.Н. аттуу жаран белгисиз ок атуучу курал менен астындагы автоунаага 2-3 жолу ок чыгарган.

Hyundai Getz унаасынын ичинде 29, 25, 24 жана 30 жаштагы төрт жигит болгон.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү делип 30 жаштагы С.Н. жана 29 жаштагы Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Облустук милициянын маалыматына таянсак, кармалгандардын бири буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал эми шектүүлөрдүн экинчиси, буга чейин мал уурулук, бейбаштык беренелери менен соттолуп, азыркы күндө уурулук боюнча 2025-жылга чейин пробацияда жүргөн.

Белгилей кетсек, аталган окуяда эки тарап бири-бирине ок чыгарып, буга чейин Hyundai Getz үлгүсүндөгү автоунаада бараткан балдар кармалып, Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, материал соттун кароосуна жиберилген.

660