7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддыктар Жапаровду жапырт колдошту

150

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун үгүт кербени Жалал-Абад шаарына келип жетти. Борбордук стадионго топтолгон миңдеген Жалал-Абад шаарынын тургундары жана коноктору Садыр Жапаровду кызуу кол чабуу, сүрөөн менен тосуп алышты. Өлкөнүн өнүгүшүнө, мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган Жалал-Абад эли элдик лидер Садыр Жапаровго жолугуп, шайлоо алдындагы программасын угуп, кызыктырган суроолорун берүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышты.
Саналуу гана убакыт бийлик тизгинин колго алган Садыр Жапаровдун бул аралыкта элге үмүт берген иштерди баштап, айрымдарын ишке ашырууга жетишкенин колдоого алган карапайым калк, талапкердин мындан аркы иштерине да ийгиликтерди каалап, Кыргызстанда жаңылануунун желаргысы байкалганын айтышты.
Төмөндө, берилген суроолордун жана жакшы ниет менен айтылган каалоо-тилектердин орчундууларын ортого таштайлы.   


-Туугандарыңардын, жакын тарапташтарыңардын арасынан коррупционерлерди тапсаңар эмне кыласыңар?

  1. Мейли менин жакындарым болобу, же досум Ташиевдин жакындары болобу, коррупцияга аралашкан болсо, сөзсүз камалат. Уурдагандарын кайтарат.
    -Тышкы карыздан кантип кутуласыз?
  2. Биз бир гана Кытайга эмес, башка мамлекеттерге да карызбыз. Бирок коркпогула, биз карызыбыз үчүн жерибизди же башка бир байлыктарыбызды бербейбиз. Айрым сакалдуу эле адамдар ушинтип жалаа жаап жатышат. Биз Кытай менен буга чейин соода-сатык алакасын кылып келгенбиз жана кыла беребиз. Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деп бекер айтылган эмес. Кеп Кытайда эмес, алар бизге сураганыбыздын баарын берип атат. Кредиттерди, гранттарды беришти. Көйгөй, ошол каражаттарды үнөмдүү, пайдалуу иштетпей жеп алган чоңдорубузда. Биздин кен байлыктарыбыз жетиштүү. Ошолорду өз күчүбүз менен иштетип тышкы карыздардан кутулабыз.

-Экономикалык каатчылыктан кантип чыгабыз?

  • Чындыгында, биз азыр экономикалык кризиске кептелдик. А гана эмес, тамак-аш кризиси да тооруп турат. Бул эми 30 жылдык иштердин жыйынтыгы. Эми кырдаалды оңдоо үчүн жок дегенде 2 жыл талап кылынат. Азыр 2-3 ири долбоорду даярдап жатабыз. Ушулар ишке ашса, оор кырдаалдан чыгып кетебиз деп үмүттөнөбүз. 30 жыл чыдаган жаныбыз дагы бир аз чыдай туралы.

-Коррупцияны кантип жоготосуз?

  • Коррупция бардык жерде тамырлап кеткен. Бала бакчалардан тартып, университеттерге чейин бар. 12 күндүн ичинде биз реформанын багытын аныктадык. Шайланып калсак, 10 эсе тездетилген режимде иштеп, жыйынтык чыгарабыз.
    -Аймактарга да көңүл бөлүңүз…
  • Шайлоодо колдоого ээ болсом, май айынан баштап бардык облустарды кыдырып, иштин абалы менен жеке таанышууну пландап жатам.
  • Кадр маселесин жакшыртыңыз…
  • Кадрды тандоо ачык сынактын негизинде жүргүзүлөт. Андан тышкары ротация маселесин колдоном. Түштүктөгү бардык жогорку кызмат адамдары түндүктөн, түндүктө түштүктүн улан-кыздары иштешет.
    -Кыргызстанды Кыргыз Эл Республикасы кылбайлыбы?
  • Конституциялык кеңешмеге сунуш берели. Ал жакта жүздөгөн адистер адамдар иштеп жатышат.
    Элдин тилеги жана ак батасы:
    Тургун: Садырга окшогон баатыр кыргызда жүз жылда бир төрөлөт. Урматтуу эл-журт, шайлоодо Садыр Жапаровду жана ал жактап жаткан президенттик башкаруу формасын референдумда колдойлу.

Тургун: Садыр Жапаров ден-соолукта болсун. Камчыбек Ташиев экөөңүздөр достуктун чыныгы үлгүсүн көрсөттүңүздөр. Биз дагы сизге Камчыбек Ташиевдей ишенимдүү дос болобуз.
Кыргызстан Элдеринин ассамблеясынын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн атынан. Бизде 30га жакын улуттун өкүлдөрү бар. Алардын бардыгынын атынан сизди колдой тургандыгыбызды билдиргим келет. Кыргызстан Элдеринин ассамблеясынына өзгөчө макам бергениңиз үчүн чоң рахмат.

Тургун: Сиз Ак Үйдүн сырткы тосмосун алып салдыңыз. Бирок Ак үйдүн ичинде Акаевдин заманынан бери келе жаткан ыплас, коррупцияга малынган чиновниктерге окшогон ички тосмо бар. Алар сырткы тосмодон да коркунучтуу. Эми ошолорду сындырууну суранабыз. Болбосо алар мамлекеттин өнүгүүсүнө жолтоо болот. Сени да элге жаман көрсөтөт. Сен бизге асмандан түшкөндөй эле болдуң. Биз сага ишенебиз жана сенден жакшы жакка өзгөрүүлөрдү күтөбүз.


Тургун: Аллах Таала сизди эки жүздүү адамдардан куткарсын. Эки жүздүү адамдар өлкөнү ушундай абалга жеткиришти. Исхак Раззаковдун, Дооронбек Садырбаевдин айткандары ар дайым эсиңизде болсун. Мадумаров дагы чындыкты айтып жатат, аны менен биргеликте иш алып барууңуздарды суранабыз.


Тургун: Биз сизди колдойбуз. Пирматов, Арапбаев, Бабановго окшогондорго жакындап, алардан колдоо сурабай эле коюңуз. Биздин колдообуз эле жетиштүү. Биз эле көтөрүп алабыз.

Тургун: Урматтуу биздин келечектеги президентибиз Садыр Жапаров. Башынан бузулган жоксуң, тазасың! Эми, келечекте да бузулба. Сага батабызды беребиз.

Тургун: Лямпичкем, Садыр! Садыр деген ким? Ал биздин президент! Ушундай адамды төрөп өстүргөн Садырдын ата-энесине рахмат. Акыретте ошолор менен бир болсом деп тилек кылдым.
Жолугушуу мына ушундай маанайда өтүп, жыйынтыгында Жалал-Абад эли Садыр Жапаровго ырым кылып чепкенин жаап, ак боз атын тартуулап, ак батасын арнашты. Буга чейин кыргыз саясатында Садыр Жапаровчолук бир да саясий-коомдук ишмер коомчулуктун колдоосуна мындай деңгээлде ээ болгон эместиги ушул жолугушууларда ачык байкалууда. Айрым учурда карапайым жарандар Садыр Жапаровго китеп берүүгө умтулса, кээлери булактын суусунан бери көтөрүп келишүүдө. Бул да болсо элдин Садыр Жапаровго болгон тилегинин актыгы, ишениминин бийиктигинен улам болуп жатат.

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Байтик Баатыр көч; 53

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 18-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

151