7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков Германиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

727

Бүгүн, 22-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Германиянын Кыргызстандагы Элчиси Габриэла Геллил менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда социалдык-экономикалык жана гуманитардык алакалар боюнча кеңири сөз болду. Элчи өз сөзүндө Жалал-Абад кооз жана жашыл шаарга айланаарына тилектеш экенин билдирип, калктын саламаттыгы жана билим берүү жаатында Германия өлкөсү Кыргызстан, анын ичинде Жалал-Абад шаары менен мындан ары да тыгыз кызматташа турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадда Германия Федеративдүү Республикасынын каржылоосу менен калкка ар кайсыл тармакта колдоо көрсөткөн бир катар фонддор иш алып барып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728