7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жалалабат электр» ААКнын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

246

Пара алып жаткан жеринен «Жалалабат электр» ААКнын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жалал-Абад облусунун финансы полициясына жеке ишкер “Жалалабат электр” ААКнын бөлүмдөрүнүн биринин башчысына карата арыз менен кайрылган. Ал башчы кызмат абалынан пайдаланып, арыз ээсинен жеткирүү келишиминин негизинде жеткирилген товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) кабыл алуу үчүн 90 миң сом суммасында акча каражаттарын опузалап талап кылган. Арыз ээсинин айтымында, аталган бөлүмдүн башчысы андан дайыма акча талап кылып келген жана ТМБны ар бир жеткирип берген сайын акча алып турган», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 238-беренесинде (кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) каралган кылмыштын белгиси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Үстүбүздөгү жылдын 14-январында, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда, опузалап талап кылынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн (40 миң сом өлчөмүндө) алып жаткан жеринен, кылмыш үстүнөн “Жалалабат электр” ААКнын темир-бетон буюмдарын даярдоо цехинин башчысы К.Б кармалган. Учурда, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

247