7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жамалбек Ырсалиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

309
Бишкектин мурдагы вице-мэри Жамалбек Ырсалиев эч жакка чыкпоо тил катынынын негизинде убактылуу кармоочу жайдан бошотулду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалымтка караганда, ал күнөөсүн толугу менен моюнга алып, мамлекетке келтирилген дээрлик үч миллион сомду, тагыраагы, 2 миллион 979 миң 889 сом төлөп берген.
Биринчи май райондук соту мунун негизинде Ырсалиевди жана аны чогуу кылмышка айыпталган В.Н.А. аттуу кишини да бошоткон.
Эске салсак, Ырсалиев В.Н.А. менен чогуу Тунгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанында алты жыл бою жеңил типтеги төрт коммерциялык объект жана бешке жакын балдар аттракционун органдардын уруксаты жок эле иштетип келгени үчүн кармалган.
Мындан мамлекетке 2 миллион 979 миң 889 сом зыян келтирилгени айтылган эле.
310