7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаманды жар салган маалыматтын кесепети 

511

Адамдар ортосундагы алакага доо кеткенде береке качып, кунарсыз күндөр каптайт. Улам бир кейиштүү окуялар пайда болуп, ый артынан ый басат. Демек, ынтымактын кеткени, берекенин качканы… Коомчулукта жараканын жаралганы!

ЖАРАКА
Ален Даллестин доктринасынан:
«Россияга болгон мамилебизде биздин эң башкы максаттардын бири – эки гана нерседен турат:
а) Москванын күчүн жана таасирин бүлгүнгө учуратуу,
б) Советтер Союзундагы бекем кармалып турган өкмөттүн тамырын башка нукка бурууга күч жумшоо.
Биздин күч-аракет, биздин максат – Советтик бийликтин мазмуну, Москва биздин концепцияларыбызды кабыл алышы болуп саналат. Ушул өңүттөн туруп караганда, бул максаттар албетте, согушсуз болбой койбойт. Демек, моюнга алып коюшубуз керек, биздин мүдөөбүздүн жеткен чеги – Советтер Союзундагы бийликти кулатып түшүрүү.

Ооздон сөз, сөздөн маани качканынын өзү – жалпы адамзаттын трагедиясына айланып олтурат. Мүмкүн болушунча жеңил-желпи чыгармалар адабиятта, сүрөттө жаралып, өзүлөрүн алдуу-күчтүү санашкан мамлекеттерге бекер таркатылышы зарыл экендигин баса белгилеген Ален Даллес андан ары:
“Адамдардын башын маң кылыш үчүн колубузда болгон бардык алтынды, материалдык байлыгыбызды жана ресурстарыбызды коротууга тийишпиз. Мунун өзү жеңишке жеткирээрине толук кепилдик берем. Адамдын мээси, аң-сезими өзгөрүүгө өтө тез ыңгайлашканын эске алалы. СССРге башаламандыктын үрөнүн сээп, адамдык асыл баалуулуктардын ордуна жеңил-желпи, нравалык жактан деңгээли төмөн чыгармалар менен айырбаштайбыз. Бул үчүн биз менен тилектеш адамдарды Россиянын дал өзүнөн табабыз!» – деген.
Ален Даллес – АКШнын Борбордук Чалгын Башкармалыгынын 1953-жылдан 1961-жылга дейре башкарып, СССРди жоюуда атайы доктрина иштеп чыккан адам.

Бүгүнкү күндө адам мээси – маалыматка жык толгон…

Кайсынысы чын, кайсынысы жалган? Аныктай албай – башыбыз маң!
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир катары Батыштан атайы каржыланып, эркиндикти, теңдикти жар салып, демократияны туу тутабыз, ачык-айкындуулук дегени менен түпкүлүгүндө келип, алакандай өлкөнүн ынтымагына доо кетирүү экенин аң-сезимдүү адам түшүнүп эле турат.

Ал басылмалардын, сайттардын жана массалык маалымат каражаттарынын аттарын атабасак да, жалпы журт андан жакшы кабардар.

Анын үстүнө адам укугу деп айгай салган бир нече бейөкмөт уюмдар Батыштан бир нече миңдеген доллар алып, Кыргызстандын эгемендигине доо кетирип атышканын аңдабасатан, аларга ак кызмат өтөөдө. Же болбосо баарын көрүп-билип туруп эле өз чөнтөгүн кампайтып, баюу максатын көздөшүүдө.
Советтер Союзу тарагандан кийин бир нече коммерциялык эмес уюмдар жергебизде пайда болуп, өзүлөрүнүн иш-аракеттерин жүргүзүп келишет. Биринчи кезекте адам укугу деп күрөшүп келишкен бейөкмөт уюмдар менен кошо кай бир жалпыга маалымдоо каражаттары коомчулук арасына жарака салып атышканы жашыруун эмес.
Мына ушундай шартта жалаң гана жамандыкка жар салган, аң-сезимге кедергисин тийгизчү маалыматтарга маани бербей, өлкөнүн бүтүндүгү, келечеги үчүн ар бир жаран адал кызмат өтөөгө тийиш!

512