7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖАМК төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш жарыяланды

359

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чынгыз Кожошевге сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.

Тартиптик жаза укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилди.

Эскерте кетсек, 16-июлда Жалал-Абадда ЖАМКтын Күзөт жана коштоо департаментинин жоокери жанын кыйган. Акыйкатчы институту 20 жаштагы жоокер өлүм алдында кат калтырып кеткенин билдирген. Маркум катында аны менен чогуу кызмат өтөгөн жоокер тарабынан психологиялык кысымга кабылганын жазган. Ал ушул жылдын 21-апрелинен баштап кызмат өтөй баштаган.

360