Кечээ, 5-апрель жекшемби күнү Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар аймагында жүрүп жаткан курулуш жана жол оңдоо иштерин кыдырып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Калаа башчысы Сүйүмбаев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушун, ошондой эле Төлөнов, Атабаев, Санкт-Петербург, Абжалов жана Абдувалиев көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан жол оңдоо иштерин көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө жол курулушунда техникалык талаптардын жана сапат стандарттарынын так сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
Мэр подряддык уюмдарга курулуш иштеринин темпин күчөтүп, объектилерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүп, шаар тургундарынын пайдалануусуна эртерээк берүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле рейддин жүрүшүндө шаар мэри жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн укту. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү шаардык кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.



