7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: 70 миң сом төлөйлү деп жумушка чакырсак келбей жатышат

872

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан II Элдик курултайда делегаттын Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү боюнча өтүнүчүнө жооп берип жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 10 миңге жакын бош жумуш орундары бар экенин айтты.

Президент бул жумуш орундары тигүү жана курулуш тармагында экенин белгиледи.

«Барыңыздар жакшы билесиздер азыр коңшу өлкөлөрдөн келип, курулуш тармагында эмгектенип жатышат. Биздин мекендештер мисалы Россияда деле 60-70 миңден айлык акы алышат, бизде деле ошол акча. Келгиле деп атабыз, бирок келбей жатышат. Кудай буйруса мындан ары дагы жумуш орундары түзүлөт. Анткени, келерки жылы өлкөдө масштабдуу ири курулуштарды баштоо менен дагы жумуш орундарын түзөбүз. Келечекте миграция кетпей, өз өлкөбүздө иштеп аракет кылсак жакшы болмок», — деди ал.

 

 

 

873