7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров АКШ элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

750

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчы коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн америкалык тарапка ыраазычылыгын билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өткөн айда,  кызматтан жогорулап, АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызмат ордуна дайындалган.

Дональд Лу азыркы оор мезгилде америкалык тарап төмөнкү үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи:

  • гуманитардык жардам көрсөтүү,
  • пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөшүү,
  • демократиялык кайра түзүмдөр.

Ошону менен катар калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү маселелеринде өз ара кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

751