7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Анкарадагы Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду

596

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарындагы Мустафа  Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын биринчи Президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган жерге барды.

Садыр Жапаров Түркиянын мамлекеттик жана саясий улуу ишмеринин бейитине гүлчамбар коюп, анын элесине таазим кылды.  Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Белгилей кетсек, «Аныткабир» мемориалдык комплекси Мустафа Кемал Ататүрктүн мамлекетинин жана элинин алдында сиңирген эмгегине урмат көрсөтүүчү символу катары тургузулган. 750 чарчы метр аянтты ээлеген бул комплексте мавзолей, музей, парк жана башка объекттер бар.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

597