«Колдон келишинче тездетип бүтүрүп бергенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы жылга чейин бүткөнгө аракет кылабыз«,-деди Садыр Жапаров Баткенде акыркы окуяларда жабыркагандардын үйлөрүн калыбына келтирүү иштери боюнча суроого жооп берип жатып.
«Колдон келишинче тездетип бүтүрүп бергенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы жылга чейин бүткөнгө аракет кылабыз. Каражат жетиштүү. Казынабыз куру эмес. Андан сырткары, каза болгондордун баарынын жакындарына да жардам берилет. Баарын тактап чыгып жардам беребиз. Балдарын кароосуз калтырбайбыз. Үйлөнбөй кеткендерге ата-энесине беребиз. Кыскасы баатыр балдарыбыздын эрдиги бааланбай калбайт»,-деди өлкө башчы.