7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров БАЭнин делегациясын кабыл алды. Алар Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар

579

Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация келишкен. Алардын арасында «DPWorld», «MASDAR», «ADQ», «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», «Royal Group», «Earth Retai», «Fresh Harvest» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр.

«Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлүп берилет. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Белгилеп кетейин, мамлекет тарабынан инвесторлорго шарттарды түзүп берүү жана аларды коргоо боюнча атайын берене Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына киргизилди. Анын негизинде бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат, ошондой эле атайын Инвестициялар министрлиги да түзүлдү. Кыргызстан өз тарабынан эмираттык бизнестин өкүлдөрүнө бардык жардамдарды көрсөтөт, тактап айтканда ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт», — дейт Мамлекет башчысы.

Ошондой эле, Президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат. Эки тарап тарап тең биргелешкен инвестициялык кызматташтыкты деталдуу иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, БАЭ делегациясы Президент Садыр Жапаров менен БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580