7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Баткендеги куралдуу кагылышууда жаракат алгандардын абалынан кабар алды (ФОТО)

614

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алган балдардын жана жарандардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу Минисрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында дарыланып жаткан жарадар болгон жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615