7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров “Binanceтын” негиздөөчүсүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды

369

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

“Каракол” тоо лыжа базасынын инфраструктурасын биргелешип көрүү учурунда, Мамлекет башчысы аймактын туристтик келечегине өзгөчө көңүл бурду.

Ал тоо лыжа кластерлерин өнүктүрүү Ысык-Көл облусун эл аралык туризмдин борборуна айландырууга жөндөмдүү стратегиялык артыкчылык экенин белгилеп, “Ала-Тоо Резорт” кластеринин курулушу уланып жатканын айтып берди.

Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекстин тоолордун кооз панорамасы көрүнгөн эң бийик жерлеринин бирине чыгышты.

Чанпэн Чжао калың карды жана тейлөө деңгээлин жогору баалап, аймактын алдыңкы европалык курорттор менен атаандашууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

Жолугушуу чай ичүү менен аяктап, анда Президент Садыр Жапаров жана Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао инфраструктуралык долбоорлорду бейформал шартта талкуулоону улантышты.

370