7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар, аны кеңири жайылтуу гана милдети турат

671

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 1-жыйыны өттү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды. Жаңыдан түзүлгөн туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин баса белгиледи.

“Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2,5 күнгө кыскарды, эми 1 күндүн ичинде ала турганга шарт түзүш керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан менен болгон чек ара аркылуу киргендигин эске алып, чек ара өткөрүү пунктарында туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл. Бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар, аны кеңири жайылтуу гана милдети турат. Туризмди өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоорлорду мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу колдоого даярбыз. Улуттук кеңеш да тез аранын ичинде туризмди өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа иштеп чыгып, ишке ашыра баштообуз зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да буга тартылып, аймактардагы туристик жайларга да көңүл бурулат” – деп билдирди минитрлер кабинетинин башчысы.

Курамына туризм жаатында иш алып барган жеке ишкерлер кирген улуттук кеңештин жыйыны айына бир жолу уюштурулат.

Мамлекет эс алуу жайлары жана пансионаттарга баруучу жолдорду жакшыртууга бел байлап, туристтик аймактардагы жергиликтүү бийликтин карамагындагы унаа жолдор транспорт министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд сомго жеткирүү планын айтып берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

672