7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Бурса шаарындагы «Осман гази жана Орхан гази Турбеси» мемориалына барды

744

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуунун алкагында Бурса шаарындагы (Түркия Республикасы) “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалына барды.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жана биринчи айым Айгүл Жапаровага күмбөздүн ардактуу кароолунун курамын алмаштыруу аземи көрсөтүлүп, андан соң алар “Осман гази жана Орхан гази Турбеси” мемориалы менен таанышты.

Осман гази Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү, 1258-1326-жылдары жашаган. 1326-жылы Бурсаны каратып алгандан кийин Орхан гази атасы Осман газинин керээзин аткарып, күмбөзгө койгон. Күмбөздүн ичинде бермет менен кооздолгон жыгач саркофаг бар. Күмбөздө Осман газинин жакындарына таандык он жети мүрзө бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745