7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты

471

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты.

Жалпы дебаттардын алдында мамлекет башчысын БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды, аны менен президент Садыр Жапаров өзүнчө эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземинде саламдашуу баяндамасын жасады.

Иш-чарага дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түнү болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 03:00-04:00 чамасында күтүлүүдө.

Түз берүү УТРКнын эфиринде жана соцтармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

472