7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: ЕАЭБдин бизнеси үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти күчөтүү зарыл

615

ЕАЭБдин бизнеси үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, видеоконференция форматындагы ЕЭЖКтин үстүбүздөгү жылдын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Президент Келишимде мүчө-мамлекеттер Биримдик тууралуу келишимдин күчүнө кириши менен башка мүчө-мамлекеттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө, мекемелер менен жеке адамдардын ишмердүүлүгүнө карата басмырлоочу жаңы чараларды көрүүгө тыюу салган ачык жана түшүнүктүү нормалар камтылганын эске салды.

«Кызмат көрсөтүүлөрдүн ички эркин рыногунун иштешине негизи болгон бул базалык принцип так сакталышы зарыл жана Комиссия тарабынан көзөмөлгө алынышы керек деп эсептейбиз», — деп билдирди ал.

Мамлекет башчысы тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүү, анын ичинде соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жагынан Биримдиктин бизнеси үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз кол койгон Бажы транзитинде алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу макулдашуу жана Навигациялык пломбаларды колдонуу тууралуу макулдашуу Биримдиктин бардык мамлекеттеринин ишкерлери күтүп жаткан документтер болуп саналат», — деди ал.

Жапаров мындай инструменттерди киргизүү ички рынокто да, Биримдиктин тышкы соодасында да товарларды өткөрүү көйгөйүн чечет, ошону менен соода жүгүртүүнүн өсүшүнө түрткү берет жана тоскоолдуктарды олуттуу кыскартат деген ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616