7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Финпол ИИМге кошулат деген маалыматты четке какты

221

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коомчулукта тараган айрым кептерге чекит койду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчаларына билдирүү жасады.

Анын айтымында, Финпол ИИМге кошулат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Урматтуу Кыргызстандыктар! Соц түйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат. Кээ бир оюу бузук сайттар, журналисттер да бар. Мисалы, каржы полициясы ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты. Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет. Ошондуктан ар бир жасалган кадамды сындаардан мурда, жыйынтыгын күткүлө урматтуу сынчылар. Жыйынтыгы элдин, мамлекеттин пайдасына чыкканда өзүңөр эле уят болуп каласыңар. Мурдакыдай бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалчу иштерди түп тамырынан жок кылдык», — деп жазылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

222