7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров иш сапардын алкагында Азербайжандын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

420

Садыр Жапаров расмий сапарынын алкагында Азербайжандын Баку шаарында Азербайжандын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташууга өзгөчө маани берерин жана Азербайжанды соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө келечектүү өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын белгиледи.

“Сиздердин бүгүн бул жерде болгонуңар биз үчүн да абдан маанилүү жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарында, анын ичинде энергетика, тоо-кен, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай өндүрүшү жана туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө эки тараптын кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп турат”, — деди ал.

Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен кеңири сүйлөшүүлөр болгонун, анын жүрүшүндө достук, бир туугандык мамилелерди активдештирүү жана кеңейтүү багытынын өзгөрүүсүз экендиги тастыкталганын белгиледи.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелердин деңгээлин стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүү жөнүндө Декларация кабыл алынды.

“Бул тарыхый мүнөздөгү маанилүү документ жана эки тараптын күч-аракетинин аркасында жетишилген мамилелерибиздин өнүгүүсүндөгү жаңы этап. Муну менен, тараптар эл аралык аянтчаларда активдүү өз ара аракеттенүү, саясий диалогду чыңдоо, тыгыз экономикалык байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү, анын ичинде ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатын көздөйт”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бекем пайдубал – эки элдин ортосундагы терең тарыхый жана руханий байланыштар болмоюнча мындай жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн эместигине көңүл бурду.

“Бүгүн биз ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы аба каттамдары боюнча келишимге кол койдук. Ал туризмди өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы ишкер байланыштарды арттырууга салым кошуусу керек”, — деп, ал эки тараптуу деңгээлде стратегиялык өнөктөштүктүн түзүлүшү жалпысынан азербайжан бизнеси үчүн Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруусуна жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кыларына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров мамлекеттер аралык мамилелердин алкагында да, ишкер чөйрөлөр арасында да өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Тилекке каршы, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы учурдагы соода-экономикалык кызматташтык азыркы реалдуулукка жана болгон потенциалга жооп бербейт, анын келечеги чоң. Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгынын жаңы деңгээлин эске алуу менен, биз үчүн ар тараптуу жана толук соода-экономикалык, өндүрүштүк жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы дем берүү болуп көрбөгөндөй маанилүү”, — деди ал.

Мамлекет башчысы ири инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын түшүнүү бар экенин, бул өз кезегинде чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле байланыштарды диверсификациялоого, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды, өндүрүш жана тейлөө циклинин кошумча чынжырларын көбөйтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана инвесторлорду коргоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

Ал КРнын президенти катары алгачкы жарлыктарынын бири жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүүгө, капиталдын эркин кыймылына, чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталганын эске салды.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынып, анда салыктык жол-жоболорду бир топ жөнөкөйлөштүрүү, жеринде пландуу текшерүүнүн ордуна дистанциялык текшерүүгө өтүү жана салыктык талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу механизмдери киргенин айтып берди.

Президент Жапаров ошондой эле салык кызматынын сервистик моделин, кичи жана орто бизнести колдоонун бир катар механизмдерин киргизүүнү, бизнес-акыйкатчы институтунун ишин, ар бир чет элдик бизнесмен менен жана тышкы инвесторлорго жардам берүү үчүн Улуттук инвестициялык агенттикти трансформациялоону жана сапаттуу иштерди жүргүзүүнү белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

421