7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров «Кумтөр» алтын кени менен жеринен таанышты

1041
Бүгүн, 15-июнда Президенти Садыр Жапаров  “Кумтөр” алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты. Анда убактылуу тышкы башкаруу кирген, бир айга жетпеген аралыкта  “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү маалым болду.
Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт.
Президент карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгын эскертти.
Компания кадрлар резервин камсыз кылуу максатында ЖОЖдун студенттерине жайкы практика программасын жана атайын эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1042