7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Кыргызкоммерцбанк» технологиялык жактан өнүккөн каржы институттарынын бирине айланарына ишенем

493

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон иш сапарынын алкагында “HS Holdings Co., Ltd”  компаниялар тобунун президенти Ясунари Харада менен жолугушту.

Акылбек Жапаров “Кыргызкоммерцбанк” ачык акционердик коомунун акцияларынын контролдук пакетин япониялык “HS Holdings Co., Ltd” компаниясынын сатып алышы  — Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция салууну каалаган жапондук ишкерлер үчүн маанилүү сигнал болуп саналарын белгиледи.

«Бул кадам инвестициянын жана биздин республикада иштөөнү каалаган жапон компанияларынын санынын көбөйүшүнө алып келет деп ишенем. Ошол эле учурда мен бир нече жылдан кийин “Кыргызкоммерцбанк” өлкөдөгү ири жана технологиялык жактан өнүккөн каржы институттарынын бирине айланарына ишенем», — деди ал.

Өз кезегинде “HS Holdings Co., Ltd.” компаниясынын Президенти Ясунари Харада япон ишкерлери бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө да, өзгөчө Кыргыз Республикасына да чоң кызыгуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

«Башка жапон компаниялары бизди Кыргыз Республикасына ээрчишет жана биз аларга керектүү финансылык операцияларды жүргүзүүгө жардам бере алабыз деп ишенем», — деп жыйынтыктады Ясунари Харада.

“HS Holdings Co., Ltd” компаниялар тобу (мурдагы Sawada Holdings Co. Ltd) банктык жана башка финансылык кызматтарды көрсөтөт. Компания 1958-жылы 21-январда негизделген жана башкы кеңсеси Япониянын Токио шаарында жайгашкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

494