7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кыргызстан материалдык-техникалык жактан абдан күчтөндү

465

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан материалдык-техникалык жактан абдан күчтөнгөнүн билдирди.

“Айыл чарбасына лизингге 2431 техника берилди. Саламаттык сактоого 335 тез жардам жана санитардык машиналарды сатып алдык. Энергетика министрлигине 261 техника алынды, анын ичинде электр станцияларына 124, Кыргыз көмүргө 73. Транспорт министрлиги 298 техникага ээ болду, кыргыз темир жолуна 100 полу вагон келди. Ички иштер министрлигине 274 унаа берилди, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 702, анын ичинде 400 өрт өчүрүүчү машина, 3 вертолет алдык. Бишкекке 644, Жалал-Абадга 50 автобус келди, Таласта 85 техника алынды. Нарынга 3 жылдын ичинде 125 машина бердик. Кыргызстан боюнча бардык акимдер 100%, айыл өкмөттөр 90% унаалуу болду”, — деди Акылбек Жапаров.  

Мунун баары иштин эффективдүүлүгү үчүн маанилүү. Маселен, Бишкекте өрт өчүрүүчү машиналар мурда 2 тонна суу көтөрсө, азыр 6-8 тонна суу менен чакыруу түшкөн жерге 5 мүнөттүн ичинде жетүүгө мүмкүн болгонун, ал эми тез жардам машиналары мурда 40 мүнөткө созулса, азыр 15-20 мүнөттө жетээрин айтты.

 

466