7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдогу тарыхый сейил бак заман талабына ылайык жаңыланууда

276

Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар Пушкин сейил багында масштабдуу реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн сейил бак министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан жаңыланууда. Долбоордун негизги максаты – шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттарын түзүү.

Учурда сейил бактагы 12 аттракциондун курулушу аяктап, калган объектилер боюнча бетон иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Ошондой эле административдик имарат курулуп бүтүп, амфитеатр, кафетерий жана башка көмөкчү объектилерде курулуш иштери уланууда.

Мындан тышкары, инженердик коммуникациялар тартылып бүтүп, велосипед жолу, унаа токтотуучу жай жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта 5 гектар аянтка газон төшөө жана автоматтык сугаруу системасын орнотуу иштери аткарылып жатат.

Долбоорго ылайык, жаңыланган сейил бакта заманбап аттракциондор, фонтан, балдар үчүн лабиринт, тамактануу жайлары, ошондой эле спорттук жана эс алуу аянтчалары жайгаштырылат.

277