7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экология тармагындагы адистер үчүн масштабдуу окуу семинары башталды

129

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен регионалдык башкармалыктардын кызматкерлери үчүн квалификацияны жогорулатууга багытталган масштабдуу окуу семинары башталды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын негизги максаты- аймактардагы адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, экологиялык көзөмөлдү санариптештирүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо тармагына заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик экологиялык экспертизаны уюштуруу, айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдөрдү эсептөө, калдыктар жана саркынды суулар боюнча мыйзамдарды колдонуу, ошондой эле жаңы методикалык документтерди талкуулоо боюнча билим алышат. Мындан тышкары, адистер автоматташтырылган маалыматтык системаларды пайдалануу, электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо багыттарында да окуудан өтүшөт. Ошондой эле жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга уруксат берүү тартиби боюнча маалымат берилет. Семинар теориялык жана практикалык сабактарды айкалыштырып, катышуучуларга реалдуу мисалдардын негизинде жаңы санариптик инструменттерди колдонуу көндүмдөрүн өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Министрлик бул иш-чара аймактардагы экологиялык көзөмөлдүн сапатын жакшыртып, өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоого салым кошорун белгиледи.

130