7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тургундардын даттануусунан кийин ишкананы көчүрүү маселеси көтөрүлдү

238

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Широкая көчөсүнүн жашоочулары менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин шаар тургундары жакын жайгашкан өндүрүш объектисинен чыккан катуу ызы-чууга нааразы болуп кайрылышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы жергиликтүү тургундардын кайрылууларын угуп, андан соң мурдагы айнек заводу жайгашкан аймактагы, дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү менен алектенген ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Объектти кыдырып чыккандан кийин Айбек Жунушалиев ишкана ээсине чектеш жайгашкан турак үйлөргө жеткен ызы-чуунун деңгээлин азайтуу боюнча чараларды көрүүнү, анын ичинде кошумча үн изоляциясын орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды. Ошондой эле ишкерге өндүрүштү атайын шарттар түзүлгөн «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын аймагына көчүрүү вариантын кароо сунушталды.

Белгилей кетсек, реконструкцияланган Широкая көчөсү 2025-жылдын 31-майында пайдаланууга берилген. Жаңыланган тилкенин узундугу 650 метрди түзөт.

239