7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 20 гектар жер мамлекеттин балансына өткөрүлдү

271

Сокулук районундагы жалпы аянты 20 гектарды түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат жүргүзгөн сотко чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук айыл өкмөтүнүн аймагындагы 20 гектар жер узак убакыттан бери белгисиз адамдар тарабынан пайдаланылып келгендиги аныкталган.

Текшерүү маалында аталган жер тилкеси 1992-жылдан бери мамлекеттик каттоо органдарынын маалымат базаларында катталбаганы белгилүү болгон. Мындан тышкары, жерди пайдалануу үчүн тиешелүү ижара төлөмдөрү да жүргүзүлгөн эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жалпы аянты 20 гектар болгон жер үлүштөрү мамлекеттин балансына өткөрүлүп, мыйзамдуу тартипте каттоо иштери башталды.

272