7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укугун тааныйт

567

Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчы Эр-Рияд шаарына (Сауд Арабия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам кызматташтык уюмунун 8-кезексиз саммитинде сүйлөдү.

«Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр.

Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз.

Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа.

Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш.

Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат”, — деди Садыр Жапаров.

 

568