7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргызстандыктарды шайлоого активдүү катышууга чакырды

507

Бишкекте мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда. Курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров курултайдын катышуучулары тарабынан келип түшкөн суроолорго жоо берди.

Россиянын Иркустк шаарынан келген делегат Тынчтык Абдыблдаев шайлоого катышпагандар тууралуу маселе көтөргөн.

“Сиз эң туура маселе көтөрдүңүз. Кечээ жакын Бишкек шаарынын Ленин районунда эки жолу шайлоо өтүп, бирок эл дээрлик шайлоого катышкан жок. Масштабдуу шайлоолордо, презденттик болобу, парламенттик болобу эл келбейт. Калк абдан кайдыгер мамиле жасайт. Анан шайланган президентке же депутатка туура эмес шайланды деп беш жыл бою нааразы болуп жүрөбүз Ар кимибиздин жарандык позициябыз бар”, — деди президент.

“Бар шайла, жарандык позициянды билдир”, — деп өлкө башчысы кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

 

508