7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну жакынкы убакта баштайбыз

708

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну жакынкы убакта баштайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бизди ойлондуруп турат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт. Бирок кыргыз мамлекети дүйнөгө чыгууда туюк болбой транзиттик өлкөгө айланабыз. Ошондуктан, бул жол өмүр бою кыргыз элине, мамлекетибизге кызмат кылат. Бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача жол аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз. Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн-өзү актай турган долбоорлор.

Илгерки алынган карыздар кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Же өзүн-өзү актаган эмес, же мамлекетке келтирген пайдасы болгон эмес. Мындан ары андайга жол бербейбиз. Ар бир долбоорду “жети өлчөп, бир кесебиз”. Өзүн-өзү кыска мөөнөттө актабаган долбоорлорду кабыл албайбыз. Ошондуктан чочулоого же кабатыр болууга негиз жок. Мындан ары бул теманы кеп кылбай деле койсо болот. Саясатташтыруунун кажети жок»,- деди өлкө башчы.

709