7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командабыз ар бир мелдешинде биз үчүн чоң майрам тартуулашат

615

Бүгүн, 29-апрелде Садыр Жапаров Бишкек шаарында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын курулушун баштоо үчүн капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин мамлекет башчысы Министрлер кабинетине спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кыз-келиндер күрөшү үчүн спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырган. Президенттин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Министрлер Кабинети дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыкты.Садыр Жапаров чогулгандардын, анын ичинде балбандардын алдында сөз сүйлөп, бүгүнкү күндүн маанисин белгиледи.

Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер күрөшү 2000-жылдардан башталат. Бул тарыхта кала турган өзгөчө күн. Кыз-келиндер үчүн оңойго турбаган спорттун бул түрү боюнча ийгиликке жетишкен даңазалуу кыргыз кыздарынын ысымдары эч качан унутулбайт. Президент 20 жылдын ичинде балбан кыздарыбыз кыз-келиндер күрөшү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келишкенин белгиледи.

Өлкөнүн эгемендүүлүк мезгилиндеги эң эле эсте калган жылдар — бул 2021-жыл болду. Анткени балбан кыздарыбыз Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарында, Норвегиянын Осло шаарында болуп өткөн Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүнө ары сыймыктуу, ары унутулгус жаңылык киргизишти.

«Чынында эле, кыз- келиндер күрөшү боюнча курама командабыз барган ар бир мелдешинде биз үчүн чоң майрам тартуулашат. Алар спорт журтчулугу суктанарлык татыктуу күрөш көрсөтүп, кыл чайнашкан кармаштарда жеңиш чегине чейин жетип, кызыл желегибизди бийик желбиретип келишүүдө», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы кыргыз тарыхындагы Каныкейдей акылдуу, Айчүрөктөй сулуу, Жаңыл Мырзадай, Кыз Сайкалдай айбаттуу баатыр кыздарыбыз болгонун эске салды. Бүгүнкү күндө сыймыктарыбыз ошол балбан билек, тоо жүрөк, беттегенин бербеген тайманбас баатыр кыздарыбыздын учугун улап келе жатышкандыгынын айдан ачык далили.Президент белгилегендей учурда күрөш чөйрөсүндө көйгөйлөр да жок эмес. Бардык спорт чөйрөсү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык шарттардын жоктугу, колдо бар машыгуу жайлардын абалынын начардыгы эң биринчи көйгөй болуп келет. Өлкө боюнча заманбап залдар курулуп баштаса, спортту өнүктүрүүгө чоң дем, чоң түрткү болот эле.

Ошентсе да мындай көйгөйлөрдү чечүүгө болушунча аракет көрүлүүдө. Себеби, баарыбыз билгендей, Кыргызстандын бардык аймагында Айсулуунун аркасынан өспүрүм кыздарыбыздын арасында кыз-келиндер күрөшү спорттун популярдуу түрүнө айланып баратат. Бүгүнкү күндө ар бир облуста, ар бир райондо спорттун бул түрү менен машыккан кыздарыбыздын саны барган сайын артууда.

Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан спортчуларга, машыктыруучуларга кыргыз спортунун даңкын чыгарууга талбай эмгек кылып,  спорт аркылуу өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын бийик көтөрүп жатканы үчүн ыраазчылык билдирди.

Өз кезегинде спортчу Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын атынан Мамлекет башчысына спортко жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоорго ылайык, спортчулардын карамагында 1875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар бар.

Долбоордун сметалык баасы 98677,22 миң сом, тендердик баасы 81573,98 миң сом. Учурда мекемеде спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубал чуңкуру 100%га казылды.

Андан соң мамлекет башчысы «Жаштык» спорт комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, балдардын машыгуу шартын көрүп, комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616