7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жарлыкка кол койду

743

Садыр Жапаров «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда соңку жылдары улуттук маданиятты мындан ары өнүктүрүүгө, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасты сактоого жана пропагандалоого, элдик оозеки чыгармачылыкты жана элдик искусствону андан ары популярдаштырууга, өлкөбүздү дүйнөлүк маданий мейкиндикке жигердүү интеграциялоону камсыз кылууга, ошондой эле маданият жана искусство чөйрөсүн инновациялык өнүктүрүүгө багытталган системалуу чаралар ишке ашырылды.

Кыргыз эли көчмөн цивилизация доорундагы поэтикалык-аткаруучулук маданиятты: эпосторду айтуучулардын, манасчылардын, жомокчулардын, дастанчылардын, санжырачылардын, төкмө-акындардын өнөрүн өзүнө камтыган элдик оозеки чыгармачылыктын кайталангыс мурасына ээ. Алардын чеберчилигинин аркасы менен ири жана чакан эпостордо кыргыз элинин тарыхындагы жана турмушундагы окуялар жана маалыматтар көркөм-поэтикалык түрдө чагылдырылган.

Кыргыздардын баа жеткис руханий мурасынын асыл берметтеринин бири болуп жарым миллиондон ашык ыр сабынан турган жана дүйнөдөгү эпостордон көлөмү боюнча ашып түшкөн “Манас” баатырдык эпосунун үчилтиги эсептелет. “Манас” эпосунун үчилтиги – кыргыздардын эки миң жылдан ашык тарыхый тажрыйбасы жана руханий жашоосу чагылдырылган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасы.

Азыркы мезгилде “Манас” эпосу кыргыз элин бириктирүүчү иденттүүлүктүн жана эгемендиктин идеологиялык фактору катары барган сайын кыйла зор мааниге ээ болууда. 1995-жылы Эпостун миң жылдыгын өткөрүү, Ала-Тоо борбордук аянтында Манастын эстелигин орнотуу жана 2011-жылдын 28-июнунда “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу элдин идеялык биригүүсүн айгинелеп турат. 2012-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Манас” эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын бекиткен.

Улуттук программанын максаты болуп салттуу руханий, адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыбына келтирүү, материалдык эмес маданиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү эсептелет. Программа стратегиялык максаттарга жетишүүгө – кыргыз элинин маданиятын жана тилин сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Азыркы мезгилде мамлекеттик органдардын актуалдуу милдеттери болуп «Манас» эпосунун үчилтигин сактоо, ар тараптуу изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чараларды көрүү эсептелет.

Бүгүнкү күндө ири жана чакан эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу, бул чөйрөгө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү, билим берүү мекемелеринде материалдык эмес маданий мурасты окутуу жана шыктуу жаш чыгармачыл ишмерлерди издөө жана колдоо, билим берүү мекемелерин окуу китептери, окутуу-методикалык адабият менен камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча концепциянын бүтүн системасы жок.
Жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо “Манас” эпосунун үчилтигинин өчпөс маанисин эске алып, ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоо, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкты жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Көчмөндөр цивилизациясынын өзгөчө кайталангыс салттарын сактап калган элдин – кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, мындан ары изилдөө жана популярдаштыруу, Кыргыз Республикасынын элинин руханий кайра жаралуусуна жана мындан аркы маданий өнүгүүсүнө, ата-бабалардын калган мураска аяр мамиле кылууга жана муундардын уланмалуулугуна, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана өзүн өзү таанууну, тарыхый каада-салттарды сактоого багытталган шарттарды түзүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдеттери деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
– “Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;

  •  Боз-Бөлтөк тоосуна “Манас төр” скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корук статусу берилсин жана каржылоо булагын аныктоо менен аталган скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корукту куруу боюнча долбоорду, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
  • улуттук мурастардын объекттеринин тизмесин тактасын жана аны илимий, тарыхый жана академиялык баалоону жүргүзсүн;
  • улуттук мурастарды коргоо бөлүгүндө “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;
  • аталган иш-чараларды финансылык камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
  • жалпыга маалымдоо каражаттарында илим чөйрөсүнүн, коомдук институттардын өкүлдөрүн тартуу менен аталган иш-чараларды кеңири чагылдырууну жүргүзсүн.

3. “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин алдында Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө илимий-изилдөө институту түзүлсүн.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

744