7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров менен Алиев Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылышына катышты (ФОТО)

715

Бүгүн, 12-октябрда, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы Низами Гянджеви атындагы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев билим берүү мекемесинин имаратын көрүп чыгышты.

Окуу жайдын аянты 2 миң 31 чарчы метрди түзүп, 550 окуучулук орунга ылайыкталган. Мектепте класстардан тышкары чоң жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, китепкана, мектептен тышкаркы иштер үчүн кабинеттер жана медициналык бөлүм, гимнастика аянтчалары, эс алуу зоналары жана аймагында унаа токтотуучу жайлар каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716