7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала албайт

714

Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала алышпайт.  Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп жатып билдирди.

«Албетте тапшырмалар берилген. МАИлер иштеп жатышат. Түшүндүрүү иштери да жүрүп жатат. Бирок авариялардын көп катталуусунун биринчи себеби айдоочуларда. Акыркы 20-30 жылда көпчүлүгү окубай туруп эле айдоочулук күбөлүк сатып алгандар. Эрежени сакташпайт. Жол белгилерин билишпейт. Азыр рейд өткөрүп четинен сурап көрсөк, дээрлик 90 пайыз айдоочулар жооп бере алышпайт. Бул проблеманы чечиш үчүн эки жылдан бери катуу иш жүрүп жатат. Мындан ары окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала алышпайт. Окуп, жол эрежесине байланыштуу толук жооп бергенден кийин гана айдоочулук күбөлүк берилет. Жооп бере албаса экзамен тапшырып жүрө беришет», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715