7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров окуучуларга эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди

714

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  окуучуларга эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү жогорку жетишкендиктери жана маанилүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдайт. 

Маалыматка ылайык, окуучуларга Садыр Жапаровдун атынан ыраазычылык катты бүгүн, 26-августта, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев тапшырды.  Ошондой эле ал билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгиледи. Кыргызстандын окуучулары дүйнөлүк билим берүү аренасында өлкөбүздү таанытып жатканы кубандырат.

Төмөндө сыйлык алган окуучулар:

-Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Айдаров Артур Урматбекович

— Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Ажыбаев Бактынур Санжарбекович;

— Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучусу Бейшекеев Данияр Сталбекович;

— Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин окуучусу Беккоенов Тенгиз Тынычбекович;

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Давлетов Ислам Алишерович;

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук  физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин окуучусу Корнияш Федор Максимович;

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Мамбетов Камил Болотбекович;

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук  физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин окуучусу Ондрина Надежда Павловна;

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Айтиев Мунарбек Наралиевич;

— “Газпром Кыргызстан мектеби” коммерциялык эмес коомдук фонд уюмунун мугалими Ишматов Махамадхан Юсупжанович;

— Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуу комплексинин мугалими Лантухова Наталья Валентиновна;

— Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Тажибаев Эльбрус Керимбекович;

— “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин информатика боюнча олимпиада борборунун координатору Урайымов Кылычбек Адылжанович.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

715