7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суучул Владислав Шулико бүгүн 13:00дө рекорддук сууда сүзүүнү жыйынтыктоо алдында турат

1168

Кыргызстандык суучул Владислав Шулико бүгүн, 27-августта саат 13:00дө рекорддук сууда сүзүүнү жыйынтыктайт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына билдирди.

Анын айтымында, ал тереңдиги 668 метрди түзгөн Ысык-Көлдүн 181 километрин сүзүп, рекордду жаңылоосу керек. Финиш Балыкчыда болот.

“Баарыңыздарды Алия пляжынын пристанында күтөм. Баарыңарга чоң рахмат! Сиздер болбосоңуздар мен эч нерсе кыла албайт болчумун жана силердин колдооңор мага секунд сайын күч берет. Силер болбосоңор сууда сүзүүнүн биринчи күнүндө эле баш тартмакмын, баарыңыздарга чоң рахмат! Мен сиздердин колдооңузарды жана мага болгон ишенимиңиздерди бүткүл дүйнөдөн көрүп, сезип жатам! Мекениме, ар дайым мени колдоп турган менин командама рахмат! Мен эртең кыялымды аягына чыгарам жана мүмкүн эмес деп ойлогон нерсемди жасайм. Бул башталышы гана, мекенибизди бүт дүйнөгө даңазалагым келет! Баарыңыздарга колдоо сөздөрүңүз үчүн рахмат!”, — деп жазат ал.

Эске сала кетсек, суучул Владислав Шулико мындан үч күн мурун, тагыраагы 22-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүү рекорддук аракетин баштаган.

Учурда рекордсменди тосуп алууга даярдыктар көрүлүүдө. Команда ар бир мүмкүнчүлүгү бар мекендештерди Владислав Шуликону тосуп алуу салтанатына чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1169