Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Молдова Республикасынын президенти Майя Санданы Молдова Республикасынын Улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Өлкөлөрүбүздүн өз ара кызматташуусу кыргыз-молдова мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталат деп терең ишенем. Сизге чың ден соолук, бакубаттык жана жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди, ал эми Молдованын элине — тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо жолдомосунда.