Куршабда 66 жаштагы Пашакан Жакыпова 28-июндан бери дайынсыз. Бул тууралуу Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү коомчулуктан жардам сурап кайрылды.
Ал 2021-жылдын 28-июнь күнү саат болжол менен 10:00 чамаларында жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 150-155 см, ак жуумал, дене түзүлүшү арык, кашы-көзү кара, чачы узун кара түстө. Кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, кызыл гүлдүү көйнөк, кара түстөгү кемзир, бутунда кара түстөгү бут кийим. Жакыпова Пашаканды көргөндөр же кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюнуздар: (03233) 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41.