7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров президент менен ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Талаптары кандай?

699

Бүгүн, 27-августта өлкө башчы Садыр Жапаров президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө, конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда жаңы Конституция кабыл алынган.  Анда Жогорку Кеңешти түзүүнүн жаңы жол-жоболору каралып, ЖКнын депутаттарын шайлоого мүмкүн болгон шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзамды иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган. Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин шайлоосун аралаш шайлоо системасы боюнча өткөрүү каралат.

Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси (54 мандат) жана бир мандаттуу округ боюнча (36 мандат) калыптанат. Мыйзамдын күчүнө кириши Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы менен дайындоого мүмкүндүк берет. Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

700