Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебинин бүтүрүүчүсү Арген Бактыбеков БАЭде өткөн жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпиондугунда коло медалга ээ болду. Бул тууралуу мэриядан кбаарлашты.
Малыматка ылайык, Арген Бактыбеков 86 килограмм салмактагы эркектер аралык таймашта күч сынашкан.
Эске салсак, бокс боюнча Азия чемпионаты БАЭнин Дубай шаарында 31-августка чейин созулат. Ошондой эле эл аралык таймашка төмөндөгү спортчулар барган:
— Сатыбалды уулу Сагын
— Нишанов Ихтияр
— Акматов Санжар
— Имамидинов Ислам
— Тенизбеков Санжар
— Машыктыруучу Мусакунов Кенжебек.