7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия: Быйыл Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарына газ берүү пландалууда

404

Борбор калаанын мэриясында кышка даярдык көрүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушуу Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин көзөмөлүндө болуп, анда төрт райондун акимдери, шаардык структуралык бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери отчет беришке. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкек жылуулук энергия” коммуналдык ишканасы 56 откананы даярдаган. Дагы 10у 1 -октябрга чейин аяктайт.

Ал эми «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы шаардын 25 турак жай аймагына магистралдык газ түтүктөрүнүн курулушун аяктады. Быйыл Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас турак жайына газ берүү пландалууда. Алтын-Ордо конушунда газ бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн курулуш-монтаждоо иштери аяктаган, ал эми Рухий-Мурас конушунда иштер жүрүп жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Капиталдык курулуш дирекциясына окуу жылынын башталышына чейин билим берүү мекемелериндеги жылытуу системасын оңдоо иштерин бүткөрүү, ошондой эле жооптуу кызматтарга даярдыкты өз убагында бүтүрүү тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

405