7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров прокуратура органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

753

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, өлкөнүн Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

(Өлкө башчынын куттуктоо сөзү өзгөртүүсүз берилди)

«Прокуратура органдарынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү — кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекетибиз эчен татаал мезгилдерди баштан кечирип, далай тайгак кечүүлөрдөн өтсө дагы прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келишкен.

Ошол эле маалда кайсыл замандын талабы болбосун, кандай гана өзгөрүүлөр болбосун прокуратура органдарында чынчыл, принципиалдуу, баш оту менен өз кесибине берилген, мекен үчүн мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотууга жан берүүсүн аябаган адамдар эмгектенишет.

Урматтуу прокуратура органдарынын ардагерлери, сиздер өз өмүрүңүздөрдүн курч мезгилин  прокуратурада кызмат өтөөгө арнап, прокурорлук көзөмөлгө алгачкы кадам таштаган жаш муундарга таза, кесипкөй жана чынчыл кызматкерлердин үлгүсүн көрсөттүңүздөр.

Бүгүнкү кесиптик майрам күнү сиздердин биздин коомго мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымыңыздарды өзгөчө белгилеп, мамлекет башчысы катары чын дилимден ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

754