Министрлер Кабинетинин отчётун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Маселен, “Менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчётуңа каршы добуш берем” деп коркутуп-үркүтүүлөр болгонун өз көзүм менен көрүп жүрөм. Ошентип, натыйжада 1 км жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон экен. Мен мындай иштерге таптакыр тыюу салдым. Эми карап көрүңүздөр, 1 км асфальт басчу жерге канчалаган техникалар тартылат. Канчалаган кум-шагылдар, канчалаган асфальттар алыстан ташылып барат.
«Ошентип, 1 км жол салуунун наркы 2-3 эсеге кымбат туруп калат. Эң жок дегенде 10 км кем эмес жол салынса, анда жакын жерге асфальт жана бетон заводун, инерттүү материалдарды өндүрүү үчүн карьерлерди уюштурса болот. Мына ошондо үнөмдөө жагынан мамлекет утабыз. Мамлекеттин акчасын сарамжал, максаттуу пайдаланган болобуз».
«Бир километр жолду 2-3 эсе кымбат эмес, жолдорубузду 10 километрден кем эмес, керек болсо 100 километрлеп куруп жүрүп олтуруп, буюрса, келечекте ар бир айылга чейин асфальт жеткиребиз»-, деди Жапаров.



